Маданият министрлигинин кызматкери коррупцияга шектелип кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына министрликке караштуу мекемелердин биринин жетекчиси жасалма документтердин негизинде 1,8 млн сомдук курулуш иштерин жүргүзгөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча 2025-жылдын 18-январында ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгон.
Мындан улам, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан Маданият министрлигине караштуу мекемелердин биринин жетекчиси 1992-жылы туулган Б.И.Б. кармалган.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Маданият министрлиги окуяга көз салып жатканын жана объективдүү иликтөө болот деп үмүттөнөрүн маалымдады.
Ведомство коррупциянын ар кандай көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүнгөндүктөн, мыйзам чегинде керектүү жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.