Интернет аркылуу мазактап, бирөөгө жалаа жапкандарга айып салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.
Ага ылайык, эми социалдык тармактарда бирөө-жарымды мазактап, жалаа жапканы үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык тараптарга 65 миң сом айып салынат.
Мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине 31-январда жарыяланып, 10 күндөн кийин күчүнө кирери белгиленген.