ЖК Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигине бекитти

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар санариптештирүү министри кызматына Азамат Жамангуловдун талапкерлигин жактырды.

Эске салсак, бир күн мурун президент Садыр Жапаров министр Нурия Кутнаеваны кызматтан алып, анын ордуна Азамат Жамангуловду дайындаган.

Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдиргендей, Азамат Жамангулов буга чейин коммерциялык банктарда ар кандай кызматтарды аркалап, андан кийин «Кыргызмобилдик» компаниясынын башкы директору болуп иштеген.