Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгери бейтаптардан системалуу түрдө акча алып турган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алынган каражаттар акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр реестерине катталбай, бейтаптарга квитанциялар берилген эмес.
Атайын кызмат козголгон кылмыш иштин алкагында 28-январында аталган борбордун 37 жаштагы С.М.П. аттуу дарыгери кармалганын, шектүү бейтаптардан 2000 сомдон 20 миң сомго чейин акча алып келгенин билдирди. Дарыгердин кабинетин тинтүү учурунда 119 миң сом жана 100 АКШ доллары табылып, алынган. УКМК өзүнүн маалыматында бул бейтаптардан алынган акча экенин белгилеген.
Шектүү атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу аталган борбордун кызматкерлеринин арасынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары уланып жатканы айтылган.
УКМКга дарыгерлердин акча алуу фактысы боюнча бейтаптар кайрылышкан.
Саламаттык сактоо министрлиги жана дарыгердин адвокаты, жакындары комментарий бере элек.
Декабрдын башында Улуттук онкология жана гематология борборуна жетекчи болуп Нурбек Букуев дайындалган.
Мекеменин мурдагы жетекчиси Бактыгүл Султангазиеванын дарегине Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары сын-пикир айтышкан. Депутат Айсулуу Мамашева аны “онкология дартына чалдыккан бейтаптарды жеке клиникасына барып дарыланууга мажбурлайт” деп айыптаган.
Депутаттардын дооматтарына Бактыгүл Султангазиева комментарий берген эмес.