Бишкек шаардык соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын арызын канааттандырган жок.
Камакка алынгандар сот таптакыр мыйзамсыз болгонун айтышкан.
Социал-демократтар партиясынын лидеринин жактоочулары анын 75 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын жана абалы өтө оор экенин эске салышты. «Бул Кыргызстандын тарыхындагы эң узак ачкачылык акциясы жана анын ден соолугуна оор кесепеттерге алып келди», — деп жазышты алар социалдык тармактарда.
9-январда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевердин камактагы мөөнөтүн 12-февралга чейин узарткан.
Эске салсак, былтыр 15-ноябрда Свердлов райондук соту Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина жана Роза Түрксеверди No1 СИЗОго киргизген. Камакка алынгандар добуштарды сатып алган деп айыпталууда. Камалгандан кийин эле Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык жарыялаган. Адвокаттар анын саламаттыгы оор экенин айтышууда.