Жалал-Абад облусунда 35 миллион сомдон ашык жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы Ала-Бука районунун аймагындагы коррупция жана мамлекеттик жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларынын бетин ачты.
«2004-жылдан 2022-жылга чейин Ала-Бука айыл аймагынын кызмат адамдары жана жер ресурстары кызматынын (мурдагы Кадастр) бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан автобекет , почта жана башка социалдык объектилер жайгаштырылган мамлекеттик жерлерге жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилгени аныкталган. Анын жалпы жер аянты 1,2 гектарды түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, «Кыргызтелеком» ААКтын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн ички буйругунун негизинде жеке жактарга жер бөлүп беришкен. Ала-Бука айыл аймагынын эмгекчилери трансформацияланбаган жерлерден жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча чечимдерди кабыл алышты. Бул факты боюнча укук коргоо кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча иш козгоду.
Ала-Бука айыл аймагынын, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ала-Бука бөлүмүнүн жана «Кыргызтелекомдун» мурдагы жана азыркы кызматкерлери болуп, тогуз адам кармалган. Сот аларга карата СИЗОго камоо түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.
Ошондой эле ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча аныкталган башка фактылар боюнча да иликтөө иштери жүрүүдө.