Январь окуясы: Казакстанда кримтөбөл Арман Жумагелдиев 20 жылга кесилди

Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды. Алардын арасында кримтөбөл Арман Жумагелдиев (Дикий Арман), Алматы шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Кайрат Кудайберген, журналист Бердах Бердымурат, коопсуздук кызматынын, каржы полициясынын өкүлдөрү бар.

27-январда чыгарылган өкүмгө ылайык, кримтөбөл Арман Жумагелдиев кандуу окуялар маалында кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, башаламандык уюштурган жана адам уурдаган деген айыптар менен 20 жылга кесилди.

Ишкер Кайрат Кудайберген жана журналист Бердах Бердымурат сегиз жана жети жылга эркинен ажыратылды. Сот калгандарына бир жылдан 15 жылга чейин абак жазасын берди.

Жумагелдиев абактан казакстандык интернет басылмага берген маегинде өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, “ал кезде өзгөчө кырдаал болуп, бийлик өкүлдөрү жок болгондуктан, күч түзүмдөрүнүн милдетин өз колуна алганын” билдирген.