Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаевага сөгүш берилди

 Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги №86 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун бешинчи абзацына ылайык, президент Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш-сапарын даярдоо ишинде кытай тарапка вербалдык нотаны санкциясыз жиберүү түрүндө кетирилген одоно бузуулары, ошондой эле мамлекеттик кызматчылардын баарлашуусунун кызматтык этикасын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчиси Мусаева Актилек Ишенгазыевнага сөгүш берилди.