Кадырбек Атамбаев жана Раиса Атамбаева кайрадан милицияга суракка чакырылды

Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Кадырбек Атамбаев кайрадан Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын кабарлады. Бул тууралуу ал 24-январда Фейсбук баракчасына жазып, милицияга апасы Раиса Атамбаева дагы чакырылганын белгиледи.

Алар 22-январда дагы шайлоодогу добуш сатып алуу тууралуу айыптоого байланыштуу сурак берип чыгышкан.

Милициянын чакыруу кагазында Атамбаев суракка күбө катары чакырылганы белгиленген.

Бир күн мурда Бишкек милициясы партиянын мүчөсү Эрмек Эрматов ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбегени жана тергөөгө тоскоолдук кылганы үчүн кармалганын билдирген.