Президент Жапаров УКМК төрагасы Көлбаевдин өлүмү боюнча оюн “жеткиликсиз айтып алганын” билдирди

Президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, 2023-жылы кармоо учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча соңку талкуу тууралуу пикирин билдирди.

Анда президент Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул окуя боюнча өз эне тили болбогон орус тилинде оюн жеткиликсиз айтып алганын белгилеген:

“Бул боюнча ал жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен жолугушуусунда сүйлөп жатып айтканын көрдүм. Билдирүүнүн видеосун көрсөңүздөр, ал орус тилинде сүйлөп жатып айткан. Орус тили анын эне тили болбогондуктан оюн жеткиликсиз айтып алды”, – деген президент Жапаров.

Жапаров Көлбаевди кармоо маалында эч кандай мыйзам бузулбаганын, кримтөбөл жансакчылары менен күч кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөткөн учурда жок кылынганын кошумчалады.

Президент бул тууралуу ошол күнү эле ал кездеги башкы прокурорду окуя болгон жерге жөнөтүп, текшерткенин жана мыйзам бузуу болбогону аныкталганын кайталады.

Ташиев 16-январда Бишкекте билим берүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер менен жолугушууда Көлбаев атайын операцияда жок кылынганы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ошол маалда кылмыштуу топтор тамырлашып кеткенин айткан.

“Уюшкан кылмыштуулуктун мамлекеттик системага окшош эле системасы болгон. Өздөрүнүн президенти болгон, “мыйзамдагы ууру” жана башкалар облустарда, райондордо, шаарларда ишкерлерден акча чогулткан. Ошондуктан мамлекет үчүн “мыйзамдагы ууруну” жок кылуу чечимин кабыл алууга туура келди. Кийин анын башка мүчөлөрүн да жок кылдык. Азыр өлкө бул башаламандыктан кутулду”, – деген эле Ташиев.

Бир күн өтпөй Ташиев айткандары боюнча түшүндүрмө берип, Көлбаевди жок кылуу тууралуу жеке өзү буйрук бербегенин билдирген. Ал биринчи билдирүүсүн “айрым батышчыл журналисттер” бурмалап жазганын да айткан.

50 жаштагы кримтөбөл Камчы Көлбаев 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Ал узак жылдар бою Кыргызстандагы кылмыштуу топтун башында туруп, бир катар мыйзамсыз аракеттерди жасоого шектелип келген. Кыргыз бийлиги Көлбаев башында турган криминалдар өлкөдөгү саясатка жана бизнеске таасир этип келгенин билдирип, анын кесепетин толугу менен жоюуга убада берип келет. Буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы Көлбаев менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун “мафиясына байланышы бар” деген 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтан алынганын билдирген.