Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын октябрь айынан ушул мезгилге чейин атайын кызмат билим берүү системасында иштеген 34 кызматкерди – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучуну кылмыш жоопкерчилигине тартканын билдирди. Коррупциялык иштерге аралашкан деген негизде 42 кызматкер жумуштан бошотулган. Мамлекетке 207 млн 700 миң сом кайтарылган.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери, жогорку окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин жана колледждердин кызматкерлери менен өткөргөн кеңешмеде айтты.
Камчыбек Ташиев Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, ушул тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин кошумчалады. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин билдирди. Атайын кызматтын төрагасы билим берүү системасынын кызматкерлерин коррупциялык иштерге аралашпоого чакырды.