Планеталардын парадын 21-январда жердин жашоочулары көрө алышат. Астрономдор бул кубулушту планеталардын чоң түзүлүшү деп аташат. Асманда Күн системасынын алты планетасы көрүнөт: Марс, Юпитер, Уран, Нептун, Венера жана Сатурн. Бул тууралуу Live Science билдирди.
Бул планеталардын парады асманда телескопсуз да көрүүгө болот. Бирок бул үчүн шаардан алысыраак, жарык булганбаган жерге барууга туура келет.
Астрономдор асман кубулушун 21-январдан 25-январга чейин күндүн караңгы маалында байкоого болоорун белгилешүүдө.
Ал эми 28-февралда Меркурий планеталардын бул парадына кошулат. Чындыгында Жерден башка Күн системасынын бардык планеталарынын парадын көрүүгө болот.