Москвада кыргызстандык эки адамдан ири суммадагы акча талап кылуу максатында барымтага алынган. Бул тууралуу «Известия» гезити өз булагына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын эки жараны «Кузьминки» метросунун жанындагы кафеде таанышын күтүп турган. Аларга эки белгисиз адам келип, унааны түртүүгө жардам сурашкан. Кыргыздар макул болуп, жардам берүүгө көчөгө чыккан.
Ал жерден бир топ кишилер аларды машинеге түртүп салып, документтерин жана телефондорун алып, кийин Хорошево-Мневники жергесине алып келген. Белгисиз адамдар 190 миң рубль талап кыла башташты, аларды сабап, өлтүрөбүз деп коркутушкан”, — деп айтылат маалыматта.
Алар кароолчунун бири уктап калганда байкатпай кат жазып терезеден ыргытып жиберишкен. Ошентип, батирге милициянын отряды келген. Үч жаран кармалган.
Тергөө иштери уланууда.