Бүгүн, 14-январда «Чыгыш-5» кичи районунун бир бөлүгүндө ысык суу жана жылуулук жок. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жылуулук тармагынын эски участогун алмаштыруу жана жаңыдан орнотулган жылуулук тармагына туташтыруу иштерин улантуу үчүн саат 9:00дөн 20:00гө чейин жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлгөн.
Райондогу № 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөрдө, Чүй проспектиси боюнча № 30, 32, 34 үйлөр, ошондой эле Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде жана № 59 бала бакчасында ысык суу жана жылуулук болбойт.
Бишкек мэриясы жарандардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.