Бангладештик студенттерге Бишкекте курьер болуп иштөөгө тыюу салынды

Кыргызстандагы ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттер курьер болуп иштей алышпайт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери чет элдик жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Бишкекте окуган бангладештик студенттер курьер болуп иштебеши керек. Биз аларга айып пул салдык, алардын скутерлери камакта. Алар жол эрежесин бузган. «Окуу үчүн келгендер окуусу менен алпурушу  керек», — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, чектөөлөр Кыргызстанга иштөө квотасы боюнча келген жарандарга тиешелүү эмес.