Жогорку Кеңештин депутаттары планшет сатып берүүнү суранышты

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев жыйынга чейин ага берилген үйүлгөн кагаздарды көрсөттү.

“Менимче, бул кагаз 1 миң сомго жакын турат. Ал эми бул бир гана депутатка берилет. “Балким, анын ордуна планшеттер менен камсыз кылышар? — деди парламентарий.

Депутат Марлен Маматалиев кесиптешин колдоп, Айыл чарба министрлигинин долбоорунун алкагында Агрардык саясат, суу ресурстары жана аймактык өнүгүү комитетинин депутаттарына планшеттер сатылып алынганын билдирди.

Комитеттин жетекчиси Данияр Төлөнов 2025-жылдын бюджетинде Жогорку Кеңештин залдарын оңдоп-түзөөгө жана депутаттарга жакшы шарттарды түзүүгө акча бөлүнгөнүн, ал каражатка планшет сатып алса болорун айтты.