Лос-Анджелестеги токой өртү: 5 киши каза болуп, Малибуда атактуулардын үйлөрү күйүүдө 

Калифорниянын токойлорундагы өрттүн кесепетинен 5 киши каза болгондугун BBC маалымдады.

“Бүгүн эртең менен эки киши каза болгондугу тууралуу маалымат бергенбиз. Тилекке каршы каза болгондордун саны беш кишиге жетти”, – деди Лос-Анджелес округунун шерифи Роберт Луна.

Анын айтымында, өрт азырынча өчүрүлө элек болгондуктан курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн. Катуу шамал, кургак аба ырайы да кырдаалды курчутууда.

Бийликтин маалыматына ылайык, Лос-Анджелес округунда беш токойдо өрт уланууда жана эвакуация аймагында 150 миң адам жашайт.

Санта-Моника менен Малибунун ортосундагы Пасифик-Палисейдс районундагы эң чоң өрт каптаган аянт 60 чарчы чакырымдан ашат.

Лос-Анджелес округунун өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Энтони Марроненин айтымында, ал жерде өрт миңден кем эмес курулушту жок кылган.

Лос-Анджелес округунун батышындагы Малибуда көптөгөн атактуулардын үйлөрү жайгашкан. Шаршембиде TMZ басылмасы маалымдагандай, Малибуда суу жээгиндеги актриса жана ырчы Пэрис Хилтонго таандык үйлөрдүн бири толугу менен күйүп кеткен. Муну кийинчерээк Хилтон өзү тастыктаган.

Ошондой эле америкалык маалымат каражаттары үйлөрү өрттөн жабыркаган Лос-Анджелестин башка белгилүү тургундары жөнүндө жазышууда.

Бийлик бейшемби күнү кечинде болгон маалымат жыйынында Лос-Анджелестин атактуу Голливуд белгиси жайгашкан белгилүү райондорунун биринде дагы өрт чыкканын айтты.

CNN телеканалына райондун тургундарынын бири телефонго билдирүү келе электе эле эвакуацияланып, досунукуна барганын билдирди.

Лос-Анджелестин мэри Карен Басс Голливудга кошумча полиция күчтөрү жөнөтүлгөнүн билдирди. Ал эми АКШ президенти Жо Байден Калифорния штатында масштабдуу табигый кырсык режимин жарыялап, өрттөн жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү бийликтин аракеттеринен тышкары федералдык жардам көрсөтүүнү буйруду.