Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Баткен шаарында курулуп жаткан мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты.
Атайын кызматтан маалымдашкандай, ал курулуп жаткан үйлөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруп, жумушту тездетүү керектигин айтып, бир катар тапшырмаларды берди.