17-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Адылбек Касымалиев Будапешт шаарына барып, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкчылыкты ырасташты.
Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын Кыргызстанга Республикасына расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларга өзгөчө көңүл бурулду.