Кыргызстанда бир түндө мас абалында 54 айдоочу кармалды.Бул тууралуу тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Айтикул уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында 12-декабрдан 13-декабрга караган түнү өлкө боюнча жол эрежесин одоно бузган 2517 айдоочу аныкталган.
Анын ичинен:
мас абалында унаа башкарган 54 айдоочу,
карама-каршы тилкеге чыккан 12 айдоочу;
ылдамдыкты ашырып айдаган 421 айдоочу;
тийиштүү докумменттери жок унаа башкарган 87 айдоочу кармалган.
Ошондой эле 387 авто унаа жол эрежелерин одоно бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.