Кыргыз-тажик чек арасы. Садыр Жапаров келишимдин чоо-жайына токтолду

«Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу аймактар теңме-тең ​​ — 50/50 болуп бөлүндү», — деди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

Анын айтымында, бир катар учурларда эквиваленттүү участоктордун алмашуусу болгон жана бардык документалдык процедуралар акыркы баскычта турат.

«Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиялары өз ишин аяктагандан кийин документтерге тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан соң парламенттер ратификациялап, акыркы баскычка эки өлкөнүн президенттери кол коюшат. Ошентип, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы бардык чек ара маселелери чечилет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Тажикстан менен үч жылдан бери жабык турган чек ара бекеттери чек араны делимитациялоо иштери аяктагандан кийин дароо ачылаарын билдирди. Бул сооданын кайра жанданышына шарт түзүп, эки өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

«Чек ара маселеси чечилбеген аймактарга инвесторлор жана туристтер барышпайт. Чек араларды жөнгө салуу элдерибиздин ортосундагы достукту чыңдоого шарт түзөт, ошондой эле инвестиция тартууга жана элдин жашоо деңгээлин көтөрүүгө шарт түзөт», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын сыпаттоо боюнча январдын ортосунда же аягында маалымат берерин билдирген. Анын айтымында, чек араны сыпаттоо толугу менен аяктады.