Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата анын үй-музейинде жазуучунун жаркын элесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Улуу жазуучунун уулу, Айтматов Эл аралык фондунун жетекчиси Эльдар, Кыргызстанды өнүктүрүүгө, анын маданиятына жана Чыңгыз Төрөкуловичке жакын болгон гуманисттик баалуулуктарды жайылтууга олуттуу салым кошкон адамдарга эсте каларлык белектерди тапшырды.
Айрыкча, улуу жазуучунун мурастары менен азыркы замандын байланышын бекемдөөдө өз салымын кошуп жаткандарга өзгөчө көңүл бурулду.
Сыйлык алгандардын арасында “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов да болду. Ага компаниянын маданий демилгелерди колдоого, Талас облусундагы – Айтматовдун туулган жериндеги социалдык долбоорлорду өнүктүрүүгө жана улуттук тарыхый-маданий баалуулуктарды сактоого кошкон активдүү салымы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды.
«Биз “Альянс Алтын” компаниясына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасын сактоо жана жайылтуу боюнча көрсөткөн аракеттери үчүн абдан ыраазыбыз. Компания ошондой эле Талас облусунда жана башка аймактарда билим берүүнү өнүктүрүү үчүн көп иштерди жасап жатат», – деп белгиледи Эльдар Айтматов.