Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Полотова Жылдыз Арстанбековна башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.