Кыргызстанда аба ырайы кескин сууктайт – кооптуу тилкелердин картасы 

 Кыргызстанда эртеңден баштап аба ырайы кескин сууктайт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кооптуу тилкелердин картасын жарыялады. Анда аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам өлкөдө табигый процесстер активдешүүсү мүмкүн делген тилкелер көрсөтүлгөн.

Мекеменин маалыматына караганда, эртең, 30-ноябрда жана 1-2-декабрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, кар, жаан жаайт.

Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолдук материалдарына ылайык, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Чүй облусунун Кемин, Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл, жана Панфилов райондорунда, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунда, Нарын облусунун Нарын, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Талас облусунун Айтматов, Манас, Бакай-Ата жана Талас райондорунда, Жалал-Абад облусунун Аксы, Ноокен, Токтогул, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунда, Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда, ошондой эле Бишкек, Ош шаарларынын аймактарында кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү күтүлөт.

Мындан сырткары, Бишкек – Ош, Ош – Баткен – Раззаков, Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя, Бишкек – Торугарт, Ош – Сары-Таш – Эркештам, Мырза-Аке – Кара-Шоро, Балыкчы – Ананьево – Каракол унаа жолдорунун бир катар чакырымдары да кооптуу тилкелерге киргизилди.

Андыктан ӨКМ жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырат.

Өзгөчө кырдаалдар болгон учурда жергиликтүү ӨКМ органдарына кайрылуу сунушталат.