Мэриядан маалымдашкандай, бүгүн, 26-ноябрда алдын ала маалыматтар боюнча, Барпы Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан “Мерседес Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам жабыркады, алардын бешөө автобустун жүргүнчүлөрү, үчөө жеңил унаада болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.
Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери иштеп жатат. Алдын ала маалыматтарга таянсак, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган.