Кыргызстандын эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кореянын Инхчон шаарында өткөн “Korea Open 2024” Эл аралык мелдешинде 8 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, анын ичинен үчөө алтын, үчөө күмүш жана экөө коло медаль.
Эркин күрөш боюнча Билал Шарип уулу 65 кг чейинки салмакта эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды. Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмак категориясында 2-орунду ээледи. Ал эми Абдымалик Карачов (57 кг) жана Кутман Төрөбалдыевдер (125 кг) коло медалга ээ болушту.
Грек-рим күрөшү боюнча Мелис Айтбеков 97 кг чейинки салмакта алтын медалга, ошол эле салмакта Нурмамбет Райымалы уулу күмүш медалга ээ болушту. 130 кг чейинки салмак категориясында Эрлан Манатбаев 2-орунду ээледи.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дилназ Сазанова 68 кг чейинки салмакта алтын медалга ээ болсо, ошол эле салмакта Гүлнура Таштанбекова коло медалга ээ болду.