Кыргызстандын министрлер кабинети көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизди

Кыргызстандын министрлер кабинети көмүрдү экспорттоого убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Документте Кыргызстандан көмүрдү ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары автоунаа менен алып чыгууга тыюу салынганы айтылат. «Эркечтам — автожол» жана «Торугарт — автожол» автоунаа өткөрүү пункттары үчүн өзгөчөлүк бар. Аталган өткөрүү пункттары аркылуу автоунаа менен көмүр ташып чыгууда чектөө «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына тиешелүү эмес.

Тыюу алты айлык мөөнөткө киргизилет.

Чектөө ЕАЭБ HS 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган көмүргө тиешелүү болот. Экономика жана соода министрлигине көмүрдү экспорттоого тыюу салуу киргизилгендиги тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) жана Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) билдирүү тапшырылды.

Токтом расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.