Жээнбек Кулубаев Кытай элчисин дипмиссиясынын аяктаганына байланыштуу кабыл алды 

 Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай элчиси Ду Дэвэнди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктоосуна байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ведостводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Кулубаев элчи Ду Дэвэнь кыргыз-кытай кеңири стратегиялык өнөктөштүгүн илгерилетүүгө чоң салым кошконун белгиледи. Биргелешкен иштин аркасында бир катар маанилүү иш-чаралар, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарлар өткөрүлдү.

Өз кезегинде Ду Дэвэнь министрге Кыргызстанда иштеп жаткан мезгилде көрсөткөн көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Кытай элчилиги эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошкон Кыргызстандагы социалдык долбоорлорго жигердүү катышканын белгиледи.

Тараптар ошондой эле кыргыз-кытай мамилелеринин учурдагы маселелерин, атап айтканда, соода-экономикалык чөйрөдөгү жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруудагы, ошондой эле көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүдөгү маселелерди талкуулашты.