Элчи Атаханов Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Авазбек Атаханов Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары Ахмед Насим Вараич менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-пакистан мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуусунун келечектүү багыттарын талкуулашты.

Элчи Авазбек Атаханов Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык аспектилерде, өзгөчө соода, билим берүү жана илим, маданият жана туризм тармагында кызматташууну кеңейтүүгө жана диверсификациялоого даяр экендигин белгиледи.

Тышкы иштер министрликтеринин арасындагы кезектеги саясий консультациялардын, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын алдыдагы отуруму менен жогорку денгээлдеги сапарларды уюштуруу жөнүндө маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу өткөрүлдү.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү ишкердик байланыштарды активдештирүү аркылуу дагы көбөйтүү боюнча биргелешкен зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.