Жергиликтүү Кеңештерге депутаттарды шайлоого “Жерүй” алтынкенинде иштеген кызматкерлер да биринчи жана активдүү катышышты

Алар үчүн 16-ноябрь күнү кендин аймагында шайлоо участкасы уюштурулду. Башка аймактан келип иштегендер, добуштарын аралыктан беришти. Ал эми шайлоо күнү жумушта болгондор кендин аймагынан эле көчмө урналарга добуш беришип, жарандык милдеттерин аткарышты.

Башка облустан келип “Жерүй” кенинде иштегендер айрым учурда өз жашаган жерине бара албай, шайлоого катышпай калчы. Эми бул жолу бары тең жеңилдик катары киргизилген, аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышты.

Шайлоону кендин аймагына уюштурууну “Альянс Алтын” компаниясынын жетекчилиги колдоп, көмөктөштү.