2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өткөн беттеште 3:0 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын командасын утту.
Беттеш БАЭнин Абу-Даби шаарындагы “Мухаммад ибн Заед” стадионунда өтүп, 14-ноябрда Бишкек убактысы боюнча 22:00дө башталган.
Беттешке даярдык көрүү максатында, Кыргызстандын курамасы буга чейин алты күн бою Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрдү.
Белгилей кетсек, 19-ноябрда Акшумкарлар өз оюн талаасында Иран курамасы менен ойнойт.