2015-жылдан бери компания 600 миллион доллар инвестициялап, өндүрүш үчүн заманбап технологияларды колдонот.
Талас алтын кен комбинаты Жерүйдө карьерди, кайра жүктөө кампасын, алтынды бөлүп чыгаруучу фабриканы, фабрикалык кампаны жана калдыктарды сактоочу жайды камтыйт. Ротациялык штатта 777 кызматкер болсо, 97% Кыргызстандын жарандары, анын 552си Талас облусунун тургундары.
2023-жылы Жерүйдөн 4,4 тонна алтын өндүрүлгөн. 2015-жылдан 2024-жылдын октябрына чейин компания бюджетке 22,5 млрд сом которду, анын ичинде 2024-жылдын башынан бери 7,48 млрд түзөт. Кошумчалай кетсек, “Альянс Алтын” ишканасы иштеп жаткан мезгилде жергиликтүү өнүктүрүү фонддоруна 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн. Компания кендин экологиялык коопсуздугун камсыздайт, айлана-чөйрөнүн абалына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, аймактагы жапайы жаныбарлардын популяциясын калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду колдойт.
«Альянс Алтын» компаниясы долбоор башталгандан 2024-жылдын октябрына чейин мелиорация фондуна дээрлик 61 миллион сом жана Жерүй ТЗРКсынын муктаждыктары үчүн жер үстүндөгү сууларды пайдалануу үчүн 115 миллион сомдон ашык каражат жумшап, республиканын бюджетине экологиялык төлөмдөрдү төлөп турат.
Ушул жылдын октябрь айында ишкана бул максаттарга 1 миллион 826 миң сом жана 4 миллион 905 миң сом которгон.