Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.
“Ынтымак-Ордодо” сүйлөшүүлөр башталаар алдында эки өлкө лидерлеринин кол алышып, чогуу сүрөткө түшүү аземи болуп өттү. Андан соң Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган чакан курамдагы сүйлөшүү залына өтүштү.
Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президентин жылуу тосуп алып, бул мамлекеттик сапар кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн мааниси чоң экенин айтты.
Өз кезегинде Режеп Тайып Эрдоган меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга боордош элге терең сүйүү сезими менен келгенин баса белгиледи.