Улуттук банк эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтырды

 Улуттук банк башкармасы 28-октябрда эсептик ченди 9 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 29-октябрынан тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда инфляция орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтөн төмөн деңгээлде сакталып турат. 2024-жылдын октябрь айында жылдык инфляция көрсөткүчү 2023-жылдын декабрь айындагы 7,3 пайыздан төмөндөп, 4,6 пайызды түзгөн. Негизинен инфляциянын орточо мааниси мурда көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары менен шартталган. Инфляция түзүмүндө азык-түлүккө баалардын жылдык өсүш арымы – 2,4 пайыз, азык-түлүктөн башка товарларга – 4,1 пайыз, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө баалар – 8,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөн. Азык-түлүктөн башка товарлар тобуна баалардын өсүшү басаңдаган, бирок акыркы айларда акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө баалар бир аз жогорулагандыгы белгиленген.

“Экономикалык субъекттер инвестициялык жана керектөө суроо-талабын кеңейтүүсүнүн эсебинен Кыргызстандын экономикасы жогору арымда өсүүдө. 2024-жылдын январь-сентябрь айларында реалдуу ИДӨнүн өсүшү 8,4 пайызды түзгөн. Соода жүргүзүү жана негизги капиталга инвестициялоо көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен кызмат көрсөтүү жана курулуш секторлору өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнө олуттуу салымын кошууда. Кредиттөөнүн, акча которуулардын таза агымынын жана реалдуу эмгек акынын алгылыктуу өсүш арымынын алкагында ички суроо-талап туруктуу сакталып турат.

Акча-кредит чөйрөсүндө туруктуулук сакталып турат. Акча рыногунун кыска мөөнөттүү сегментинде пайыздар төмөндөгөндүгү катталган. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда кыска мөөнөттүү карыз алышуулар боюнча чендердин динамикасы Улуттук банк тарабынан белгиленген пайыздык чек чегинде сакталып турган”, – деди ал.

Козубеков белгилегендей, банк секторунда көрсөткүчтөр туруктуу сакталып, жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмү белгиленген. Калктын керектөө максаттарында, ошондой эле сооданы жана айыл чарбасын каржылоону кредиттөө көлөмү арымдуу өсүүдө. Ички валюта рыногу салыштырмалуу туруктуу катары катталган: чет өлкө валютасына рыноктук суроо-талапты жана сунушту түптөөнүн натыйжасында алмашуу курсунун өзгөрүүсү сакталып турган. Белгилүү бир мезгилдерде алмашуу курсунун кескин өзгөрүүсүн текшилөө максатында Улуттук банк банктар аралык валюта рыногунда валюталык интервенцияларды жүргүзүп турат.

“Тышкы шарттар ар тараптуу түптөлүүдө жана бул, мурдагыдай эле, геосаясий жагдайларга, ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа конъюнктурасына байланыштуу. Азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын узак убакыт бою төмөндөөсүнөн кийин акыркы айларда ал акырындап жогорулоодо. Кыргыз Республикасынын соода боюнча айрым өнөктөш өлкөлөрүндө инфляциялык процесстер салыштырмалуу жогору деңгээлде калыптанууда.

Ички инфляция көрсөткүчү план чегинде басаңдагандыгына карабастан, кыска мөөнөттүү келечекте инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер, мурдагыдай эле, сакталып турат. Инфляциянын тышкы жана ички факторлорунун тенденцияларын баалоо өтүп жаткан жылдын акырына жылдык инфляция көрсөткүчү орто мөөнөткө каралган 5-7 пайыздык көрсөткүч чегинде түптөлгөндүгүн билдирет”, – деп белгиледи төраганын орун басары.

Анын айтымында, мындай шарттарда, кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге инфляция факторлорун баалоону эске алсак, эсептик чен өлчөмүн 9,00 пайыз деңгээлинде калтыруу зарыл. Кабыл алынган чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

“Улуттук банк түптөлгөн тышкы жана ички экономикалык шарттарга баа берүүнү улантууда жана тышкы чөйрөдө дале сакталып турган тобокелдиктерди эске алуу менен акча-кредит саясатын жүргүзүүдө ар тараптан кароого алынган ыкмага таянуу менен иш алып барууда. Кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча корректировкаларды киргизиши мүмкүн”, – деп кошумчалады ал.

Улуттук банк башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму 2024-жылдын 25-ноябрында өтөт.