Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана мамлекеттик ишмер Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган иш-чарада Кыргызстандын гимнин кайра жаза турганын билдирди.
«Биз азыркы гимнди Советтер Союзунан жаңы чыкканда кабыл алганбыз. Азыр биз бутуна туруп, өнүгүү жолуна түшкөн өлкөбүз. Ошон үчүн гимнди өзгөртүүгө туура келет. Баары ырдай тургандай болуш керек», — дейт Нурланбек Шакиев.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни 1992-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен бекитилген. Алгач үч куплет жана хордон турган, бирок Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 27-декабрындагы токтому менен экинчи куплет алынып салынган.