Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылды. Багыты кандай?

Бүгүндөн тарта Бишкекте № 13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобус Алмата 1/1 дарегиндеги «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт. Жол кире накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.