Милиция ызы-чуу үчүн айыппул салат. ЖК «Тынчтык жөнүндө» мыйзамды кабыл алды

«Тынчтык жөнүндө» мыйзамды Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды. Эми ызы-чуу уруксат берилген өлчөмдөн ашкандыгы үчүн милиция айып пул салууга укуктуу болот.

Учурдагы мыйзамга ылайык, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн ден соолукту алдын алуу департаменти айып пул салууга тийиш. Бирок анын кызматкерлери күндүз гана иштешет, ызы-чууну өлчөөчү приборлору жок. Ошондуктан тартип бузгандарды жоопкерчиликке тартууга болбойт.

Кабыл алынган мыйзам күчүнө киргенден кийин райондук ички иштер бөлүмдөрү ызы-чууну жана үн басымын өлчөөчү приборлорду сатып алышы керек.

Кошумчалай кетсек, Укук бузуу кодексинин 82-беренесине ылайык, калктуу пункттарда же коомдук жайларда тынчтык эрежелерин бузган жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом өлчөмүндө айып салынат.