Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-кытай чек арасында 22-октябрь саат 11:48де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Эркечтам айылынан түндүк-чыгышка карай 8 чакырым, Нура айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Көк-Суу айылынан чыгышка карай 18 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-чыгышка карай 135 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункту Эркечтам айылында жер титирөө 2,5 баллга чейин сезилген.