Фармацевтика илимдеринин кандидаты, доцент Жумадил  Абдуллаев: “Көкүрөк рагы менен жалпы ооругандардын 11 пайызы  40 жашка чыга электер”

Бүткүл дүйнөдө октябрь айы эмчек рагы менен күрөшүү айы болуп эсептелет. Анын максаты аялдарга мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат жеткирүү жана эмчек рагын эрте аныктоо менен дарылоонун маанилүүлүгүн көрсөтүү.

Жумадил  Абдуллаев , Эл аралык медицина университетинин “Фармация” кафедрасынын башчысы, фармацевтика илимдеринин кандидаты, доцент

Кыргызстанга BRCAI 1, BRCA 2 тесттери келген

-Жумадил Нишанбаевич, көкүрөк рагы “жашарып баратат” деген маалыматтар бар.  Бул туурабы?

Эмчек рагы шишиктин чоңдугуна, лимфа бездеринин тартылышына жана дененин башка бөлүктөрүнө жайылып кеткендигине жараша этапталат. Шишиктин даражасы анын агрессивдүүлүгүн да чагылдырат.

Медициналык маалыматтарга караганда, көкүрөк рагы менен жалпы ооругандардын 11%  40 жашка чыга электер. Муну менен көкүрөк рагы барган сайын жашарып баратат деп айтууга туура келет.

Акыркы мезгилде элдин маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кеңейгенден улам көкүрөк  безинин залалдуу шишигине кабылбаса да алдын ала текшерткендер арбыды.

Бул ооруну алдын ала билсе болобу?

– Азыр дүйнөлүк медицинада болуп көрбөгөндөй өсүүлөр болуп, мунун негизинде  жаңы заманбап BRCAI 1, BRCA 2  деген аталыштагы тесттер пайда болгон. Азыр бул  тест Кыргызстанга да келген.

BRCAI, BRCA ангилисче “Breast cancer-көкүрөк рагы” деген сөзүнөн алынган, бул  ПЦР методу менен аныкталат.

Ал эми, BRCAI 1, BRCA 2 – бул ген.  Кишинин гентикалык  17- хромосомунда болот. Бул да ПЦРдин методу менен аныкталат.

Мында мутациянын бир түрүн полиморфизм деп аталып нуклеотиддердин  бир жубу  түшүп (del) же кошулуп (ins) калат.

-Бул тестти эмне үчүн жасатыш керек?

– “Скриновый тест” – бул сөз да англис  тилинен алынып, “катарлата баарын текшерүү”  деген маанини билдирет. Бул тест менен аялдардын баарын мүмкүн болушунча текшериш керек. Аялдардын арасынан мутация болгон ген чыгып кала турган болсо, анда ал аялдын ден соолугу үчүн коркунуч 70, 80 пайызды түзөт.  Ошон үчүн алдын ала тест жасап, алдын алуу аракети менен көкүрөк рагы менен күрөшсө болот. 

– Көкүрөк рагы боюнча студенттер 1-курстан баштап эле маалымат ала алышабы?

Ооба,  бул мугалимдердин милдети, 1 курстан баштап эле окутуп, үйрөтүш керек, айрыкча болочок врачтар билүүгө милдеттүү.