Президент эл аралык олимпиадалардын жана күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлери менен жолукту 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда STEM тармагындагы предметтер боюнча эл аралык олимпиадаларда жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнөлүк чемпионатта (U20) байгелүү орундарды ээлеген жаштар жана алардын мугалимдери менен жолугушту.

Садыр Жапаров жаш интеллектуалдарды жана спортчуларды куттуктап жатып, соңку жылдары мамлекет кайсы гана тармакка болбосун, анын ичинде өлкө байрагын чет жерде желбиретүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон балдарга ар тараптан колдоо көрсөтүп келе жатканын айтты. Ал баса белгилегендей, мындай камкордукка жараша мекенчил жаштар күтүлгөн натыйжаларды жаратууда.