Жалал-Абадда көп балалуу энелерге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды 

Күн мурун, 4-сентябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Автандил Дүйшеев, Тынчтыкбек Саматов көп балалуу 6 энеге “Баатыр эне” орденин жана 6 энеге “Эне даңкы” медалын тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алардын улуусу 76 жашта болсо, эң жашы 37де.

Шаар мэри энелерди сыйлыктары менен куттуктап, балдарды татыктуу тарбиялап-өстүрүүдө жана үй-бүлө институтун бекемдөөдө энелердин орду зор экендигин белгилеп, ден соолук жана бакубат жашоо каалады. Ал эми шаардык кеңештин төрагасынын орун басарлары энелердин кубанычын тең бөлүшүп, “Ата Журт” фракциясынын атынан акчалай белек беришти.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 275 “Баатыр эне”, 56 “Эне даңкы” орденинин ээси бар.