Борбордук Ала-Тоо аянтында бүгүн, 31-августта 100 метр болгон жаңы флагштогдун туусу салтанаттуу көтөрүү аземи өттү.
Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка жетекчилер катышты.
Эскерте кетсек, желектин узундугу 33 метрди түзөт.