Таласта спортчулар жана алардын машыктыруучуларын тосуп алуу аземи өттү. Иш-чара президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен «Альянс Алтын», Kyrgyz Logistics Services жана ADJI Service компанияларынын колдоосу астында өткөрүлдү.
Кыргызстандык олимпиада курама командасынын мүчөлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мээрим Жуманазаровага 3 миллион сом, Жоламан Шаршенбеков менен Узур Жузупбековго 1,5 миллион сомдон, Мунарбек Сейитбек уулуна 1 миллион сом, Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовго 500 миң сомдон, Медет кызы Айпери менен Бекзат Алмаз уулуна 300 миң сомдон ыйгарылды.
Мындан тышкары, 14 машыктыруучуга сертификаттар тапшырылды. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев менен улуттук аялдар командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков 150 миң сомдон алышты. Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучусу Хаким Махмудов, ошондой эле Айпери Медет кызынын жана Мээрим Жуманазарованын биринчи машыктыруучусу Рахмадил Жуманазаров 200 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту.
Андан тышкары, Мунарбек Сейитбек уулу, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Узур Жузупбеков жана Бекзат Алмаз уулуна тулпар белекке берилди, ал эми Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алтын жасалгаларга ээ болушту.
Белгилей кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы социалдык жоопкерчиликтин алкагында Кыргызстандык спортчуларды үзгүлтүксүз колдоп келет, ошондой эле жаштар арасында спортту жана дени сак жашоо образын жайылтууга багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.