Олимпиада-2024: Бүгүн суучул Елизавета Печерских жарышка чыгып, 30-орунду ээледи

Бүгүн Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Елизавета Печерских жарышка чыкты.

Жайкы ХХХIII жайкы Олимпиада оюндары Франциянын Париж шаарында 26-июлдан 11-августка чейин өтүүдө.

Печерских 50 метрге эркин стилде сууда сүзүү мелдешинде 79 спортчу менен жарышты. Алар 10 топко бөлүнгөн. Печерских 26,26 секунда жыйынтыгы менен өз тобунда 1-орунду ээледи.

Жалпы жарыштардын алдын ала жыйынтыгы боюнча Елизавета Печерских 30-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган жок. Жарым финалга чыгыш үчүн ТОП-16га кириш керек болчу.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышууда.