Лазат Нуркожоеванын мурдагы жигити Афтандил Сабырбековдун камак мөөнөтү октябрга чейин узартылды

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоеванын мурдагы жигити Афтандил Сабырбековдун жана анын бир тууганынын камак мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда 24.kg билдиришти.

Афтандил Сабырбеков жана анын бир тууганы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча «Наркотикалык каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, ири өлчөмдө сатуу максатында» айыпталышат. Экөө тең 3-октябрга чейин камакта болушат.

Мындай кылмыш үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо каралган.