Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү ачылды 

18-июлда президенттер – Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына катышты.

Форумдар сарайында өткөн ачылыш аземине эки лидердин жубайлары да барышты.

Программанын алкагында жогорку даражалуу меймандар үчүн гала-концерт уюштурулуп, анда кыргыз жана өзбек драма театрларынын актерлорунун аткаруусундагы “Улут жүзү” театралдык оюну, ошондой эле Нурдин Тугелов атындагы Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли аткарган “Эргиме” хореографиялык композициясы тартууланды, Муса Баетовдун репертуарынан “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин аткаруусундагы “Сагынам” чыгармасы жаңырды.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы маданият күндөрү 2024-жылдын 22-июлуна чейин созулат.