Абсаттар Сыргабаев транспорт министринин м.а. болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сыргабаев Абсаттар Токтогулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин башка жарлыгы менен КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесинин негизинде Сыргабаев Абсаттар Токтогулович транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Абсаттар Сыргабаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.