Алматыда кыргызстандык кыз 7-кабаттан кулап каза болду

 Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн кулап кеткен. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-июнда саат 06:50лөр чамасында болгон. Кыз көп кабаттүү үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулаган. Натыйжада Кыргызстандын жараны ошол жерде каза болгон. Ал Алматы шаарына үстүбүздөгү жылы 21-майда туугандары менен барган.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгон кыздын туугандары менен байланышууда. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдардан анын сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынды.

Белгиленгендей, учурда “Жүк-200дү” Кыргызстанга жөнөтүү аракеттери көрүлүүдө.