Германиянын банктарына Кыргызстанда корреспонденттик эсеп ачуу сунушталды 

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында “Кыргызстандын экономика күнү Франкфурт-на-Майне шаарында” кыргыз-герман бизнес формунун жүрушүндө “АКА Банктын” башкаруучу директору Марк Венчик менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишкердикти колдоо, инфраструктураны жакшыртуу, соода логистикасын өнүктүрүү сыяктуу тармактарда кызматташуунун артыкчылыктуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга багытталган долбоорлорду талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар банк тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну белгилешти.

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан Германия менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Форум эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикирлерди, идеяларды жана пландарды алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Ал ошондой эле Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын банк тутумуна болгон ишенимди жогорулатууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатканын кошумчалады.

Бул жагдайда МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Германиянын банктарына Кыргызстанда корреспонденттик эсептерди ачуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, “бул биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара кызматташтыкты чыңдоодо олуттуу кадам болот”.

Өз кезегинде Марк Венчик эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары, логистика жана тоо-кен тармагында кызматташууга даяр экенин билдирди.

Атап айтканда, “АКА Банктын” башкаруучу директору саламаттыкты сактоо жана кен казуу жаатында кызматташуунун келечегин белгиледи.