Парламент көзү ачыктарды жарнамалоого тыюу салууну үчүнчү окууда кабыл алды

Жогорку Кеңештин 12-июнундагы жыйынында “Жарнама жөнүндө” мыйзам үчүнчү окууда жактырылды. Ал көзү ачыктардын, төлгөчүлөрдүн жана сыйкырчылардын кызматын жарнамалоого тыюу салат.

Мыйзам долбоору жеке пайда кɵрүү максатында тигил же бул милдеттерди чечүүнү сунуш кылган кандайдыр бир магиялык же башка ишенимсиз ыкмалар боюнча кызмат көрсөтүп, жарандардын башын айландырууну жокко чыгаруу максатында иштелип чыккан.